Авиа учуулар тууралуу сиз билбеген кызыктуу фактылар

Поистине странные факты, которых вы не знали об авиаперелетах

Нерви жука жүргүнчүлөр карманыңыздар. Жансыз денелерден баштап, чагылган тийүү коркунучуна чейинки төмөндөгү 18 факты сиздерди эмки авиа учуудан баш тартууга мажбур кылмакчы. Бактыга жараша, учуу, өзгөчө жеке менчик учак менен учуу – жол жүрүүнүн эң коопсуз түрү болуп саналат (эгер ийгиликтүү жерден көтөрүлө алсаңыз).

  1. Көпчүлүк учактарга чагылган тиет

Бир учкуч: «Башка учкучтардай эле мага эки жолу чагылган тийген. Учак чагылгандарды тарта бергидей болуп курулган. Сиз болгону күңүрт үндү угасыз да, жаркыраган отту көрөсүз. Мунун баары чагылган тийгенден кийин учак кулап түшүшү керек дегенди билдирбейт» деп айткан.

  1. Көпчүлүк учактар жарандык транспорттук авиациянын ролун аткаргандыктан, жансыз денелерди жана адам органдарын ташышат. 

Reddit басылмасынын баракчасына бир учкуч: «Абада жүк ташуунун көпчүлүгү  коммерциялык каттамдарда аткарылат. Жүктөрдүн бирине дайыма англисче HR (Human Remains) деген аббревиатура коюлат, сөзмө-сөз которгондо «адам сөөгү» дегенди түшүндүрөт». «Кээ бир адамдар өлгөндөн кийин сөөгүнүн коюлушун керээздеген жерден алыс жерлерде каза болуп калышат. Андайларды жыгач каркастуу ящиктерге салышкандыктан, бир да жүргүнчү анын ичинде эмне бар экендигин биле бербейт. Ящиктин сырткы көрүнүшү гана чоочулантышы мүмкүн» деп жазган. Эгер сиз Delta авиакомпаниясы менен учуп, учуу маалында HR деген аббревиатураны угуп же көрүп калсаңыз, демек жүк ташуучу бөлүктө адамдын жансыз денеси бар дей бериңиз.

Поистине странные факты, которых вы не знали об авиаперелетах

Кээ бир компаниялар, мисалы EasyJet, аба жүктөрүн ташыбайт, ошондуктан, алардын трюмдарында табыттар жок экендигине ишене бериңиз.

Кээ бирде жүргүнчүлөр дал учуу маалында каза болгон учурлар да кездешет. Мындай маселелерди ар кайсы авиакомпаниялар ар башкача чечишет. 

  1. Кээде учкучтар чарчаганда, так эле кабинанын өзүндө укташат.

Учкучтардын BALPA (британиялык учкучтар ассоциациясы) профсоюздук уюмунун сурамжылоосунда учкучтардын жарымынан көбү (56%ы) так эле кабинада укташа тургандыгын айтышкан. Ал эми сурамжылангандардын үчтөн бири (29%ы) ойгонуп кетип, экинчи учкуч да уктап жатканын көрүшкөндүгүн айтышкан.

  1. Rolls Royce компаниясы авиациялык кыймылдаткычтарды өлгөн жөжөлөр менен атып көрүп текшерет.

Куштар ылдамдыгы 299 км/саат менен уча алышат, ошондуктан бул Angry Birds оюнуна бир аз окшоп кетет. 

 Поистине странные факты, которых вы не знали об авиаперелетах

  1. Аба коопсуздугунун кызматкерлери экипажга мас абалындагы жүргүнчүлөрдү тынчтандырууга жардам бербейт

Кээде мас абалындагы жүргүнчү учактын бортунда жаңжал чыгарган учурлар кездешет. Бул – террористтердин сүйүктүү амалы, себеби, мунун жардамы менен бортто жарандык кийимчен коопсуздук кызматкерлери бар же жок экендигин текшеришет. Эгерде учакты айдап качуу ыктымалдыгын азайтууну кааласаңыз, анда жеке менчик учакты ижарага алууга болот.

  1. Борттон көп учурда балтаны көрүүгө болот

Көпчүлүк учурда учактын бортунда балтанын болуусу талапка ылайык. Ал электрдик тутануу келип чыкканда иллюминаторлорду же учактын дубалдарын талкалоо үчүн керек болот. Болгон маалыматтарга ылайык, Germanwings авиакомпаниясынын учкучу Патрик Зонденхаймер экинчи учкуч Андреас Лубиш кабинага бекинип алганда, балтанын жардамы менен кабинаны тешип кирүүгө аракет кылган. Биз билгендей андан бир аз өтпөй эле Андреас Лубиц лайнерди түптүз эле Француз Альпы тоолорунун аскаларына бурган.

  1. Учактагы «жаңы» наушниктер андай деле жаңы эмес

Авиакомпаниянын атын атагысы келбеген кызматкери: «Жүргүнчүлөргө узакка созулган  учууларда берилүүчү наушниктер жылчыксыз баштыкчаларга бекитилген болсо дагы жаңы эмес. Анткени, каттам аяктагандан кийин аларды тазалап туруп, кайра жылчыксыз кылып бекитишет. Бул учактын бортундагы көңүл айнытаарлык нерселердин бирөөсү гана» деп билдирген. Демек, жеке менчик учактардын жүргүнчүлөрү гана мындай нерседен оолак экендиктерине ишенсе болот.

  1. Учактын салонундагы жарык кокус болуп калчу авария үчүн күңүрттөлөт

Учкуч Тим ​​Морган Quora басылмасынын баракчаларына: «Учак түндө конуп жатса, салондогу жарык күңүрттөлөт. Мындай кадам учак конуп жатып, кокус аварияга туш болсо, жүргүнчүлөрдүн көзү караңгыга көнүп, салондон сыртка батыраак чыгып кетүү үчүн жасалат» деп жазган.

Поистине странные факты, которых вы не знали об авиаперелетах

  1. Учкучтарга берилген укук

Учкучтарга, мыйзам боюнча, камакка алуу, айып пул белгилөө, жада калса, акыркы сапарга узап бараткан адамдын акыркы эркин аткарууда күбө болуу (б.а. керээзин визалоо) укуктары берилген.

  1. Кофеден баш тартыңыз

Кайрадан эле Reddit басылмасынын баракчаларына кайсы бир колдонуучу: «Учакта берилүүчү кофенин даамынын өтө эле жаман болгонунун себеби, кофе куюлуучу контейнерлер менен резервуарларды эч ким жуубаганында» деп жазган. «Тейлөөчү персоналга же өтө эле аз акча төлөнөт, же тийиштүү тазалоочу каражаттарды беришпейт. Ошондуктан алар жөн гана идиштерди суу менен чайкап туруп, кайрадан жаңы кофени куюп коюшат» деп жазып калтырган. 

  1. Күндүн аягында турбуленттүүлүк начарлайт

Readers Digestтин баракчаларында төмөндөгүдөй билдирүү пайда болгон: «Эгер сиз учуудан корксоңуз, эртең мененки каттамдарга билет брондоого аракет кылыңыз. Сиздин жеке менчик учак же коммерциялык маршрут менен учкандыгыңыз маанилүү эмес. Себеби, жерден чыккан жылуулук абада чуңкурлардын пайда болуусуна түрткү болот. Андан сырткары, түштөн кийин чагылгандуу жаандын болуу мүмкүндүгү жогорураак болот».

Business jet airhostess bringing the cup of coffee to the passenger
  1. Бардык жүргүнчүлөрдү жеткирүүгө караганда, кечикпей келүү маанилүү

Башка бир учкуч: «Кошмо Штаттарынын Транспорт министрлиги пунктуалдуулукка ушунчалык көңүл бөлгөндүктөн, транзиттик аба каттамына жүргүнчүлөрдүн 20 %ы кечигип калса дагы, учкучка каттамды кийинкиге жылдырууга болбойт деген жарлык чыгарган» деп кошумчалады.

  1. Учкучтар ар башка тамакты жегенге мажбур

Коммерциялык да, жеке менчик учактардын да учкучтарына тамак-аштан ууланбас үчүн бирдей тамакты жегенге болбойт. Албетте, эки учкуч тең вегетариан болуп чыкса, анда абал татаалданат деңизчи. Андан сырткары, бири-бири менен тамактарын бөлүшүп жегенге да болбойт.

Поистине странные факты, которых вы не знали об авиаперелетах

  1. Туалеттерди сыртынан ачса болот

Туалеттердин сыртындагы санитардык белгинин ичине катылган кичинекей чык этме тээк бар. Ошону тартып туруп эшикти ачса болот. Таң калдыңызбы?!

Поистине странные факты, которых вы не знали об авиаперелетах

  1. 2003-жылы учакты айдап качып кетишкен… ошондон бери аны эч ким көргөн жок

Жүк ташуу муктаждыгы үчүн кайрадан иштелип чыгып, дизелдик күйүүчү май ташыган Boeing 727 учагын 2003-жылдын 25-майында эки механик айдап качып кеткен. ФБР менен ЦРУ эл аралык издөө салса дагы, айдап качкандарды таппай койгон. Ал эми учак болсо көздөн кайым болгондой.

  1. Принц Чарльз менен принц Уильямга бирге учууга болбойт

Ханышанын өтүнүчү боюнча, анын уулуна жана улуу небересине бир аба каттам менен учууга болбойт. Эгер кокус авиакырсык болуп калса, ханыша дароо эки мураскорунан ажырагысы келбегендиги түшүнүктүү эмеспи.

Поистине странные факты, которых вы не знали об авиаперелетах

  1. Учак менен учуу  – транспорттук каттамдардын ичинен коопсуздугу боюнча экинчи орунда турат

Эгер сизге кызык болсо, учактардан да коопсуз болуп кадимки лифт эсептелет.

  1. Эң кыска коммерциялык каттам – Оркней аралдарынын ортосундагы аба каттамы

Шотландия архипелагына кирген бул аралдардын ортосундагы учуу аралыгы Эдинбург аэропортунун учуп-конуу тилкесинен да кыска. Уэстрей аралынан Папа-Уэстрей аралына эки минутада гана учуп жетүүгө болгон бул каттам дүйнөдөгү эң кыска коммерциялык каттам болуп саналат. Айтмакчы, кайтарылма билеттин баасы 63 доллар турат.

Шошина Ольга

VIP vacation in a tropical paradise
AVIA APP