Аэропортто жоготулган убакыт жана мүнөттөрдүн “куйругунан” кармоонун ыкмалары

Аба аркылуу саякаттар көпчүлүк учурда жоготулган убакыт менен байланышкан. Аэропортко бир нече саат мурда келүү, каттоодон өтүү жана жол жүгүн тариздөө, бажы контролунан өтүү жана аягында, рейске отурууну жарыялоого чейин, күтүү керек.

Бирок, бизнес-авиация, өзүнүн кардарларына таптакыр башка шарттарды сунуш кылат.

Көпчүлүуктүн, жеке учактар – бул жөн гана комфорт жана ыгы жок каражат, деп эсептешине карабастан, биздин кардарлардын көпчүлүгү бизнес-авиацияны убактысын үнөмдөө жана жогорку натыйжалуулук менен саякат кылуу үчүн тандашат.

Аэропортто убакытты жоготууга алып келүүч/ бир нече факторлор, жана ар түрдүү кармалып калуулардан качуу үчүн бизнес-авиация сунуштаган оптималдуу чечимдердин варианттары бар.

Кезектер

Авиакомпаниялар жана аэропорттор адатта өзүнүн жүргүнчүлөрүнө уччуга чейин эки саат мурда келүүну сунуштайт, ал эми саякатчы күтүүдө көбүрөөк убакытысын өткөрөт (айрыкча алыскы рейстерде же жол жүгүн каттоо зарыл болгондо).

Аэропортто коопсуздук кызматы тарабынан текшерүү учурунда кезекте өткөрүлгөн убакытты алдын ала айтуу кыйын. Айрым учурларда күтүүнүн кереги жок, ал эми кээде саякатчылар бир саатка чейин убактыларын жоготууларына туура келет. Текшерүү аяктаган болсо да, баари бир сиздин бажы кезегинде турушуңузга жана отурууга чыгуу номерин жана рейстин учуусу жөнүндө жарыялоону терминалда күтүшүңүзгө туура келет.

  • Ишкердик авиациясы кантып сиздин убактыңызды үнөмдөйт?

Сиз жеке учак аркылуу саякат кылганыңызда, сиз коопсуздук текшерүүдөн өтүп жатканыңызды да түшүнө албайсыз. Келгениңизде сиз менен саламдашышат, жана сиздин айдоочуңуз унаада сизди учакка чейин же бизнес-терминалга чейин алып барат, ал жерде сизге максималдуу жайлуу болуу жана тейлөө камсыз кылынат. Жалпысынан алганда, AviavTM (CofranceSARL) да биз саякатчыларга учууга чейин 15 мүнөт калганда келүүнү сунуш кылабыз.

Которулуп түшүүлөр

Планетадагы баары эле аба каттамдары авиакомпаниялар тарабынан түздөн-түз рейстер менен капталбаган. Кээ бир аэропорттор авиалайнерлер тарабынан пайдалануу үчүн кичине же өтө обочолонгон. Ушуга байланыштуу авиакомпаниялар көбүнчө өз кардарларына улоочу каттамдарды сунуш кылуу менен көп ири шаарларга рейстерди аткарышат. Бул айрыкча популярдуу эмес багыттар боюнча, өзгөчө тиешелүү. Башка рейске которулуп түшүү үчүн көбүнчө бүткүл бир шаар аркылуу транзит өтүү талап кылынат, бул жолдун убактысын көбөйтөт. Кээде коопсуздук жана бажы текшерүүсүнөн кайрадан өтүү зарыл, ал эми рейстер кээде бир нече саат интервал менен учушат.

  • Ишкердик авиациясы кантып сиздин убактыңызды үнөмдөйт?

Жеке учуунун толугу менен жекелештирилген экени, анын көптөгөн артыкчылыктарынан бири болуп саналат.  Сиз бизнес-джеттин моделин, жөнөө убакытысын жана каттамды тандайсыз. Авиалайнерлерге караганда, кичирээк, кээ бир самолеттор, көздөө жайына жакын турган кичине аэропорттордо же ал тургай аэродромдордо конуусу мүмкүн.

Аэропортко жол

Көпчүлүк ири шаарларда өз аэропорту бар, жана муниципалитеттер аба гаванига жетүүнү жеңилдетүү үчүн мүмкүн болгон бардык иштерди кылышат. Бирок, жөнөө пунктунан аэропортко трансфер кээде сапардын негизги бөлүгү болуп эсептелет.

Кээ бир аэропорттор шаардан абдан алыста жайгашкан, ал эми көпчүлүк авиакомпаниялар учуу аэропортун тандоо мүмкүнчүлүгүн сунушташпайт (бир шаарда бир нече аэропорттор болгон учурда). Жолдо жүрүү ошондой эле абдан маанилүү болушу мүмкүн, ал эми кээде автоунаа тыгынынын болушун алдын ала айтуу кыйын — бул дагы убакытты жоготууга алып келет.

  • Ишкердик авиациясы кантып сиздин убактыңызды үнөмдөйт?

Кээде бизнес аэропорттор шаардын борборуна жакынырак жайгашкан. Бул эми Нью-Йорктун Тетерборого тийиштүү, ал Манхэттенден бардыгы болуп 19 км, ал эми JFK аэропорту — 2 км аралыкта жайгашкан. Көпчүлүк альпы аэропорттору да жеке менчик самолетто гана жеткиликтүү, мисалы, Шамбери, Сион, Самедан-Санкт-Мориц же Валле-д’Аоста. Лыжа мезгилинде көпчүлүк саякатчыларга тоо жолдору боюнча унаа менен барбай, ал эми тоо бооруна конуу жагат.

Ал тургай эгерде бизнес-аэропорту шаардан алыста жайгашкан болсо да, ири аба гавандарынан учуп кетүүдөн жана/же аларга учуп келүүдөн качуу мүмкүнчүлүгү, мезгилдикке жараша жогорку болушу мүмкүн болгон трафиктен качууга жардам берет.

Сиздин каттамга же сиздин саякатыңыздын чектөөлөрүңзгө карабастан, AviavTM (CofranceSARL) адистери, сиздин учушуңузду ылайыкташтыруу үчүн кайсы аэропорттон пайдаланууну сизге сунуш кылышат, жана жеке бизнес-джетти ижарага алуу шарттарын толугу менен түшүндүрүшөт.

Бизнес-авиация жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн жана жекече бааларды алуу үчүн, Интернет же телефон аркылуу биз менен байланышууну өтүнөбүз.

 

AviavTM (CofranceSARL) менен бирге саякатта убакытты үнөмдөңүз!

AVIA APP